Опубликовано
11.07.2024, 06:10Жарым жылда 4,7 миң эмгек мигранты жардам жана кеңеш алуу (консультация) алуу үчүн кайрылган. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.
Мекеменин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери кыргызстандыктардын укуктарын коргоо боюнча 25 соттук отурумга катышып, 65тен ашык жолу Москва шаарынын полиция бөлүмдөрүнө барышкан. Ал эми чет элдик жарандарды убактылуу кармоо борборлоруна 9 жолу барып, 160тан ашуун жарандар менен жолугушууларды өткөрүштү.
Министрлик өкүлчүлүккө КР жарандарынын сөөгүн мекенине репатриациялоого байланыштуу бир жолку төлөмдөр жана жумуш берүүчүлөр менен эмгек талаш-тартыштары, анын ичинде эмгек акыларын төлөбөгөндөр боюнча да кайрылса болорун эскертет.