akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    10.01.2024, 08:55

    Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май рыногундагы абал туруктуу. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

    Мекеменин маалыматына ылайык, 8-январга карата АИ-92 бензининин республика боюнча орточо баасы литрине 63 сом 3 тыйынды, дизелдик май 70 сом 90 тыйынды түзөт.

    "Учурда республикада майдын запастары жетиштүү, бул өз кезегинде рыноктогу бааны турукташтырууга оң таасирин тийгизет", - деп айтылат маалыматта.

    Белгилеп кетсек, өлкөдө мунайзатты жылдык керектөө болжол менен 1 млн 400 миң тоннаны түзөт.


    Читать похожее