akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    15.08.2024, 07:11

    14-августта орус өкмөтү бензинди экспорттоого тыюу салууну 2024-жылдын аягына чейин узартты. Орус өкмөтү муну нефтини кайра иштетүүчү заводдордо сезондук суроо-талаптын өскөндүгүнө жана пландуу оңдоолор мезгилинде туруктуулукту сактоо зарылчылыгы менен түшүндүрдү.

    Кабыл алынган токтомго ылайык, 2024-жылдын 1-сентябрынан 31-декабрына чейин Орусия дагы бир жолу бензин экспортуна убактылуу чектөө киргизет.

    "Чектөө Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин жарандарына жеке колдонуу үчүн экспорттолгон күйүүчү майга, ошондой эле эл аралык гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн экспорттолгон күйүүчү майга карата жайылтылбайт", - деп билдирет Interfax.ru.

    Учурда Орусияда 2024-жылдын 1-мартынан 31-августуна чейин өкмөт тарабынан киргизилген бензиндин экспортуна убактылуу тыюу салуу бар.


    Читать похожее