Опубликовано
14.08.2024, 06:23“Asman Airlines” мамлекеттик авиакомпаниясы 27-сентябрдан тарта аймактар аралык алгачкы каттамдарын баштайт. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Канадада жасалган Dash-8-400 учагы Талас, Нарын, Каракол жана башка шаарларга учат.
Бийлик билеттер жеке авиакомпаниялар сунуштагандан арзан болорун убада кылууда.
Эки Dash-8-400 учагын сатып алуу өткөн жылдын сентябрында белгилүү болгон. Алар 2013-жылы чыгарылган, ар биринин баасы болжол менен 6 млн долларды түзөт. Бул типтеги учактар 80 жүргүнчүнү батыра алат.