Опубликовано
28.07.2020, 09:35Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында кыш чыгарган ири ишкананынын ачылышы болуп өттү.
Ишкананын ачылышына өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов катышкан.
Жаңы ачылган ишкана күнүнө 20-25 миң даана бышкан кыш чыгара алат. Ишкананын ачылышы менен 50 киши жумуш оруну менен камсыз болгон. Алардын айлык маянасы 25-50 миң сомду түзөт. Ишкана чыгарган бир чийки кыштын баасы 3.8 сом жана бышкан кыштын баасы 6.5 сомду түзөт.
Ат-Башы районунун Нурбек Сатаровдун айтымында, жакында райондо касапкана ачылат жана жер-жемиштерди сактоочу ишканаларды ачуу иштери жүрүүдө.