Опубликовано
22.04.2024, 05:47Учурда Кыргызстанда 53 миң 548 ата-эне балдарына алимент төлөбөй жүрөт. Бул тууралуу Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин башчысы Урмат Кожомбердиев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, алиментти айлап, жылдап төлөбөй жүргөн ата-энелер бар.
Эске салсак, 2023-жылы Кыргызстанда балдарына чегерилген алиментти төлөбөгөндөрдүн саны 41 миңден ашкан.