Опубликовано
24.10.2023, 10:26Жыл башынан бери банк системасы 16 млрд 330,9 млн сом таза киреше алды. Бул тууралуу Депозиттерди коргоо агенттиги билдирди.
Быйыл 31-августка карата өлкөдө 23 коммерциялык банк жана 320 коммерциялык банктын филиалы иштеп келген.
Банк секторунун жалпы активдери жыл башынан бери 18,7%га өсүп, 572,5 млрд сомду түздү (2022-жылдын акырына карата – 482,2 млрд сом).