Опубликовано
15.05.2024, 03:35Быйыл май айында “Кепилдик фонд” ААКсы аркылуу дагы эки жаран алгачкы төлөмү жок жеке турак жайдын ээси болушту. Ипотекалык турак жай Ысык-Көл жана Нарын облустарынан сатылып алынды. Бул тууралуу аталган фонддон беришти.
Эки турак жайдын ээсине кыймылсыз мүлктү сатып алууга берилген ипотекалык насыянын суммасы 4,3 млн сомду түзсө, алгачкы төлөмдү төлөө үчүн берилген эки кепилдиктин суммасы 434 миң сомдон ашты.
Ипотекалык турак жайды баштапкы төлөмсүз сатып алуу мамлекеттик турак-жай программалары биринин алкагында 2022-жылдын 13-декабрында “Кепилдик фонд” ААКсы, “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКсы жана “РСК Банк” ААКсы ортосунда ипотекалык кепилдиктерди берүү жөнүндө келишимге кол коюлгандан кийин ишке ашты.
“Бул келишим ипотекалык турак жайды сатып алууну каалаган, бирок милдеттүү шартты аткарууда кыйынчылыктарга дуушар болгондорго – турак жайдын наркынын 10%дан 20%га чейинки баштапкы төлөмдү жүргүзүү үчүн “Кепилдик фонд” ААК тарабынан кепилдик колдоо көрсөтүү болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилеп кетсек, жогоруда аталган келишимдин алкагында, 2023-жылы “Кепилдик фонд” ААКсынын дээрлик 28 млн сомдук колдоосунун аркылуу республиканын 107 тургуну баштапкы төлөмсүз ипотекалык турак жайдын ээси болушкан.