akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    19.08.2024, 04:00

    Раззаков шаарында мыйзамсыз жеке менчикке берилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

    Белгиленгендей, Раззаков шаарындагы С.Сыдыков атындагы борбордук парктын аймагындагы жалпы аянты 0,053 гектар жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп берүү фактысы аныкталды.

    Учурда бул жерде мейманкана бизнеси жайгашкан, ошондой эле жеке менчик мектепке чейинки мекеме иштейт.

    Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жер тилкесинин ээси жалпы баасы 54 млн 859 миң сомду түзгөн жер тилкесин Раззаков мэриясынын балансына өз ыктыяры менен кайтарып берген.


    Читать похожее

    • 18.08.2024, 22:00:33
    • 13.08.2024, 00:25:51
    • 06.08.2024, 23:15:52
    • 04.08.2024, 23:35:06