Опубликовано
24.05.2024, 04:28“Түндүк” темир жол бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери товарларды жана транспорттук каражаттарды мыйзамсыз алып өтүүнүн алдын алуу, бөгөт коюу жана фактыларын аныктоо боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө декларацияланбаган товарларды аныкташкан. Бул тууралуу тишелүү мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда тиричиликке колдонуу үчүн “С.Л.” ЖЧКсына декларацияланбаган 2 миң 239 кг товар алынып келгени такталган.
Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 224 миң 245 сомду түздү.
Чогултулган материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.