Опубликовано
18.10.2023, 04:17Бүгүнтөн тарта Бишкекте №226 автобус каттамы каттай баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эми №226 кичи маршуттук каттам ушул эле номердеги автобустарга алмаштырылып, аны “БЖАИ” МИ тейлейт.
Каттам Асанбай кичирайонунан “Дордой” базарына чейин каттап, шаардын түштүк жана түндүк райондорун камтыйт. Ал эми автобустардын кыймыл интервалы 7-10 мүнөттү түзөт.
Каттамда 20 автобус кызмат көрсөтөт.