akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: www

    Опубликовано

    20.01.2022, 03:57

    Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

    Мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен 2022-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 282,1 млрд сом өлчөмүндө каралууда.

    Белгилей кетсек, номиналдык мааниде республикалык бюджеттин кирешелери 2021-жылдын бекитилген бюджетине карата 63,2%га же 109,2 млрд сомго көбөйгөн.
    2023-2024-жылдар аралыгында республикалык бюджеттин кирешеси тиешелүүлүгүнө жараша 295,8 млрд сомду жана 312,2 млрд сомду түзөт.

    2022-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 291,2 млрд сом өлчөмүндө белгиленүүдө, бул 2021-жылдын бекитилген бюджетинен 109,9 млрд сомго көп. 2023-2024-жылдар аралыгында Республикалык бюджеттин чыгашасы тиешелүүлүгүнө жараша 303,5 миллиард сомду жана 303,8 млрд сомду түзөт.

    Республикалык бюджеттин кирешелерин жана чыгашаларын эске алуу менен 2022-жылга республикалык бюджеттин таңкыстыгы 9,1 млрд сомду же ИДПга карата 0,8%ды түзөт.

    Мында 2023-жылга республикалык бюджеттин таңкыстыгы 7,7 млрд сом же ИДПга карата 1,0% деңгээлинде болжолдонууда. Бирок 2024-жылы республикалык бюджеттин профицити 8,3 млрд сом деп болжолдонууда.

    Ошону менен бирге өлкөнүн бардык мамлекеттик башкаруу секторун камтыган 2022-жылга консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгү 403,9 млрд сом деңгээлинде болжолдонуп жатканын белгилей кетүү керек.

    Кошумчалай кетсек, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алынган.


    Читать похожее