Опубликовано
20.08.2024, 03:30Кыргызстанда 2023-жылга салыштырмалуу 2024-жылдын январь-июнь айларында курулуш иштеринин көлөмү 44,5%га өстү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын статистикалык материалында айтылат.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын курулуш тармагы биринчи жарым жылдыкта жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөттү. Беларус жана Казакстан - 8,6%, Орусия – 3,9%, Армения – 2,1% курулуштун көлөмү өскөн.
ЕАЭБде 2024-жылдын январь-июнь айларында аткарылган курулуш иштеринин көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,5%га өскөн.
ЕАЭБ мамлекеттеринде 2024-жылдын январь-июнь айларында турак жайларды ишке киргизүүнүн көлөмү 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,6%га өскөн.
Ошол эле учурда Арменияда 79,6%, Кыргызстанда 24,3%, Россияда 2,5% жана Казакстанда 1,0% өсүш болгон. Ал эми Беларуста 4,1%га төмөндөө катталган.