Опубликовано
28.01.2020, 03:00Билл Гейтс коронавирустун жаңы түрүнүн жайылышына каршы күрөшүүгө 10 миллион доллар бөлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар миллиардердин кайрымдуулук фондуна шилтеп жазды.
Маалыматка караганда, 5 миллион доллар Кытайга, калган 5 миллион Африканын ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборуна берилди.
Акча Африкага илдеттин жайылышына бөгөт коюу, ооруга шектүүлөрдү дарылоо жана коронавирусту жуктуруп алгандарга атайын кармоочу жай уюштуруу үчүн которулду.
Кытайдын борбордук бийлиги Хубэй провинциясынын Ухань шаарындагы коронавирус илдетине каршы күрөшүүгө бюджеттен 43,2 миллион доллар бөлгөн. Эскерте кетсек, Кытайда жаңы илдетти жуктуруп алгандардын саны 2744кө жетип, 80 адам каза болгон.