Опубликовано
19.07.2024, 07:3417-июлда көрктөндүрүү эрежелери сакталбаганы үчүн муниципалдык инспекторлор тарабынан 1 млн 088 миң сомдук айыптар өндүрүлүп, 81 протокол түзүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Белгиленгендей, Октябрь районунда 301 миң сомго - 21 протокол,, Ленин районунда 275 миң 500 сомго - 18, Биринчи май районунда 263 миң 500 сомго - 24, Свердлов районунда 248 миң сомго - 17 мыйзам бузуулар аныкталган.
Эскерте кетсек, таштанды таштоочу жайларга видеокамералар орнотулган.