akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    19.02.2024, 04:45

    Бишкектин автобекеттерин шаар сыртына чыгарууга 25 миллион доллар талап кылынат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

    Анын айтымында, каражат булагы аныкталды, жакын арада бөлүнүп, долбоор ушул жылы ишке ашат деп пландалууда.

    Эске салсак, ордо калаадагы Батыш автобекетин Пригородное айылына, ал эми Чыгыш автобекетин Алмата көчөсүнүн айланма трасса менен кесилишине көчүрүү сунушталган.

    Бул шаар көчөлөрүндөгү тыгындарды азайтууга багытталган чаралардын бири экени кабарланган.


    Читать похожее

    • 11.07.2024, 23:05:24
    • 27.06.2024, 21:05:24
    • 19.06.2024, 04:55:29
    • 18.02.2024, 22:45:45