akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    23.07.2024, 09:56

    “Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-2” долбоору боюнча 79 каржылоо субъекттерине 10,72 млн сом суммасына жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

    Бул долбоорго “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда.

    Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу иштери мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында жүргүзүлүүдө.

    Аларды насыялоонун көлөмү 1,0 млрд сом суммасын түзөт.


    Читать похожее