Опубликовано
29.03.2024, 06:35“Бишкекгаз” калкты тейлөө борбору беш күндүк иштөө режимине өтөт. Компаниянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, мунун себеби жылуулук берүү мезгилинин аякташына байланыштуу.
Ага ылайык, 30-марттан тарта калкты тейлөө борбору ишемби күндөрү иштебейт. Бирок дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 8:00дөн 17:00гө чейин түшкү тыныгуусуз иштейт.
Тейлөө борбору Максим Горький, 22 дарегинде жайгашкан.