akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    16.07.2024, 10:20

    Бишкек шаарынын мэриясы “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте Бакаев көчөсүн бойлой жол куруу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.

    Бакаев көчөсүнүн Лев Толстой көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки курулушу (1-этап) ишке ашырыла турган алгачкы долбоорлордун бири.

    Учурда эстакадалык өтмөктү куруу иштери “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

    Жолдун долбоору Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан даярдалып, мамлекеттик экспертизадан өткөн.

    Долбоордун сметалык баасы 139 млн сомду түзөт. Бул сумманын негизги бөлүгү эстакадалык көпүрөнүн курулушуна жумшалат.

    Эске салсак, “Акчабар” буга чейин аталган жолдун курулушу боюнча тендер жарыяланганын жазган. Жолду ачуу долбоорунда темир жолдун алдына эстакадалык өтмөк салынып, жолдун туурасы 9 метрди түзүп, эки тарабына тротуар курулат.

    Темир жолдун алдынан 7,2 метр тереңдиктеги арык казылат. Жалпы узундугу 462 метрди түзөт.


    Читать похожее

    • 16.07.2024, 04:20:08
    • 15.07.2024, 23:03:23