akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    02.08.2024, 07:27

    Бишкек шаарынын Абдыкадыров көчөсүндөгү 0,632 га өлчөмүндөгү жер тилкесине жана турак эмес жайга болгон менчик укугу “Э.” физкультуралык-спорттук профсоюз коомуна 2007-жылы мыйзамсыз катталып, мамлекеттик актысы берилгендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

    Белгиленгендей, Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы текшерилүүдө.

    Райондук прокуратура тарабынан Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Бишкек филиалынын директорунун наамына ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө талап келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен жогоруда белгиленген мамлекеттик акт жокко чыгарылган.

    Мындан сырткары, аталган факт боюнча Бишкек шаарынын административдик сотуна келтирилген доо арыз соттун чечими менен толук канааттандырылып, жыйынтыгында келтирилген прокурордук талаптын негизинде баасы 67 млн 483 миң 300 сомду түзгөн кыймылсыз мүлк бирдиги муниципалдык менчикке кайтарылды.


    Читать похожее

    • 05.08.2024, 05:25:56
    • 02.08.2024, 01:27:03
    • 23.07.2024, 04:16:08
    • 09.07.2024, 04:26:11