Опубликовано
08.08.2024, 05:38Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик салык контролунун жүрүшүндө өндүрүлүшү шек жараткан сагыз кутуларын тартып алышты.
Ведомстводон билдиришкендей, Бишкек шаарындагы базарлардын биринде мыйзамсыз жүгүртүүдөн өндүрүлүшү белгисиз 90 миң куту "Orbit" сагызы тартылып алынды.
Учурда тартылып алынган продукциянын аныктыгына тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүүдө. Контрафакт тастыкталган учурда материалдар аны конфискациялоо жана андан ары жок кылуу үчүн сот органдарына өткөрүлүп берилет.
Белгилеg кетсек, рейддик иш-чаралар "Orbit" сагызынын товардык белгисине укук ээлеринин укуктарын бузууларга бөгөт коюу максатында өткөрүлгөн.
Салык кызматы республиканын аймагында эсепке алынбаган жана контрафакттык товарларды аныктоо боюнча активдүү иштерди улантат.