Бишкекте төрт автоунаа үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен аялдар менен балдарга жардам көрсөтүү үчүн күнү-түнү иштейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мэрия социалдык унаалар төмөнкү кызматтарды аткарарын кабарлады:
- өмүрүнө коркунуч жаралган балдарды борборлорго жеткирүү;
- балдарды интернатка которууда тергөө иштерине, соттук териштирүүгө, медициналык текшерүүлөргө алып баруу;
- кайырчы, селсаяктык кылган аялдарды, балдарды аныктоодо ыкчам жетип баруу;
- турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды аныктоо боюнча шаардык жана райондук рейддерге чыгуу.