Опубликовано
30.04.2024, 03:30Бишкекте үч күн бою арзан азык-түлүктөрдүн жарманкеси өтөт.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 30-апрель жана 1-2-май күндөрү Соода-өнөр жай палатасы менен биргеликте “Жаз – 2024” жарманкесин уюштурууда.
Анда социалдык маанилүү тамак-аш азыктарынын кеңири ассортименти ортомчусу жок түз сатылат. Жарманке Раззаков көчөсүнүн Киев-Токтогул кесилишинде өтөт.