akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    28.01.2022, 12:20

    Бишкекте 31-январдан баштап 13 мектеп кадимки тартипте иштеп баштайт. Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, борбордогу №4, 6, 11, 12, 17, 18, 26, 30, 32, 33, 38, 62, 88 мектептер дүйшөмбү күнү каалагасын ачат.

    Жогорудагы билим берүү жайлары коронавирус илдетинин күч алышына байланыштуу убактылуу карантинге жабылып, балдарды онлайн окутуп жаткан.