Опубликовано
03.07.2024, 09:35Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын инспекторлору Төмөнкү Аларча айылынын ҮДТ кызматкерлерине (үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу) 46 миң сом айып пул салды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу медициналык каражаттар – ачык шприцтер жана ампулалар, кол каптар жана башка дары-дармек каражаттарынын калдыктарын өрттөгөн.
“Бардык медициналык калдыктар коопсуз түрдө жок кылынышы керек. Кокусунан ачык асманга ыргытылган дары-дармек чоң коркунуч жаратат”, - деп айтылат маалыматта.
Кызматкерлер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.