Опубликовано
15.11.2023, 04:15Бишкекте көчөлөр кайрадан тосулат. Бул ирет КМШ мамлекеттеринин парламенттер аралык ассамблеясы болот.
Расмий иш-чара ордо калаада эртең жана бүрсүгүнү өтөт.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, делегациялар келген учурда Манас, Айтматов, Жибек Жолу проспектилери, Фучик, Байтик Баатыр, Медеров жана Юнусалиев көчөлөрү маал-маалы менен тосулат.
Шаар тургундарына абалды түшүнүү менен кабыл алып, каттамдарын эртелеп түзүп алуу сунушталат.