Опубликовано
06.03.2024, 12:00Бишкекте тазалыкты сактабагандыгы үчүн беш компанияга айып салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мэриянын муниципалдык инспекциясы курулуш объектилери жана чарба жүргүзүүчү субъекттер боюнча рейд жүргүздү. Анда:
Мындан сырткары, жанаша аймакта тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн:
Ал эми Тыныстанов-Жумабек көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолдун өтүүчү бөлүгүнө суу түтүктөрүн орнотуунун натыйжасында бузулган жолду кайра калыбына келтирбегендиги үчүн "Техник Трейд" ЖЧКсына 23 миң сом айып салынды.
Муниципалдык инспекция Бишкек шаарынын аймагында күн сайын рейддер жүрүп жатканын эскертет. Укук бузуулар аныкталган учурда чара көрүлөт.