Опубликовано
05.07.2024, 07:25Бишкекте көп функционалдуу шаарчаны куруу иштери башталды. Ал жерде турак жай, автобекет жана автомобиль жыйноочу заводу бар көп функционалдуу базар комплекси жайгашат деп билдиришти Бишкек мэриясынан.
Маалыматка ылайык, "Ош базары" да аталган жайга көчүрүлөт. Базар Фучик көчөсүнүн батыш тарабында жайгашат. Болжолдонгон аймактын жалпы аянты 162 гектарды түзөт.
Курулуш үчүн шарттуу түрдө сунушталган участок үч чоң аймакка бөлүнөт: соода, өнөр жай жана турак жай. Алардын баары парк аймактары менен бөлүнөт. Соода жана базар комплекси төрт кабатта жайгашкан көптөгөн дүкөндөрдү, күркөлөрдү жана кафелерди камтыйт. Биринчи кабаттарды тамак-аш сатуучу жайлар ээлейт. Калган кабаттарда өнөр жай, текстиль жана тиричилик товарларын сатуучу соода түйүндөрү жайгашат.
Соода комплексинин жанаша жайгашкан аймагында мейманкана, чоң автобекет жана бизнес борбор куруу пландаштырылууда.
Мындан тышкары, курулуш базарларына жанаша жайгашкан аймактарда мечит, медициналык жана спорт борборлору, ресторандарды жайгаштыруу сунушталууда.
Долбоорлоочу участоктун түштүгүндө ири турак жай комплексин, анын ичинде төрт кабаттуу 58 турак үйдү, мектепти жана бала бакчаны куруу мерчемделип жатат.