Опубликовано
29.11.2023, 05:50Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык балаты орнотула баштады. Ал быйыл да чоң фонтандын ордуна коюлуп жатат.
Балатынын бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метр, каркасына 1 миң 400 ийне жалбырактуу дарактын бутактары бекитилет.
Эске салсак, былтыр өлкөнүн башкы балатысынын оту 16-декабрда жанган.