akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    05.07.2024, 06:46

    Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору 100 миң сом акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

    Аталган академиянын ректору А.С.С. көрсөтүлгөн сумманы окуу жайдын Бишкектин Ахунбаев көчөсүндөгү имаратынын бөлүгүн ижарага алуу келишимин узартуу үчүн талап кылган.

    "Ректор 1000 доллар өлчөмүндөгү каражаттардын бир бөлүгүн алуу учурунда кармалган. Ошондой эле акча каражаттарын которууда ортомчу болгон М.Ч.А жана Б.К.Т. аттуу академиянын окутуучулары да кармалды", - деп айтылат маалыматта.

    Кармалган адамдар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

    Учурда тергөө иштери жүрүүдө.


    Читать похожее

    • 05.07.2024, 00:46:35