akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    14.08.2024, 06:25

    Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы 27-сентябрдан тарта бардык багыттар боюнча ички каттамдарды ишке киргизет.

    “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдиргендей эми Талас, Нарын жана Караколго учууга болот.

    “Авиа билеттердин баасы 2000 сомдон башталат. Asman Airlines кардарлар үчүн бир нече тарифтерди сунуштайт: супер эконом (7 кг кол жүк менен гана), фул эконом (15 кг жүк жана кол жүк), флекс эконом (15 кг жүк, 7 кг кол жүк, орун тандоо мүмкүнчүлүгү жана кезексиз тейлөө)", - деп айтылат маалыматта.

    Белгиленгендей, учурда авиакомпания Канададан 80 орундуу үч учактын келишин күтүп жатат.