akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    08.07.2024, 08:55

    Бишкектен троллейбус каттамдары толугу менен алынат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.

    Анын айтымында, мындай кадам менен шаар ичи троллейбус линияларынан тазаланып, алардын ордуна мобилдүү автобустар эл ташууга киргизилет.

    “Кыйма-чийме троллейбус линиялары алынат, азыр мына жарнамалык такталар да тазаланууда. Экинчиден, троллейбус өз багыты боюнча белгилүү бир көчөлөр менен гана жүрөт. Электробустар жана башка транспорт каражаттары мобилдүү болгондуктан, тыгын маселесин чечүүдө жардамы да тиет. Ошондой эле биз троллейбуска түшкөн жүргүнчүлөрдүн саны кыскарганын да байкап, ушундай чечимге келдик", - деди Айбек Жунушалиев.

    Белгилей кетсек, ушу тапта эки троллейбустук каттам шаардагы жолдорду капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу өзгөртүлдү. № 2, № 4 жана № 7 троллейбус каттамдарынын кыймылы убактылуу токтотулду. Учурда №11 жана №14 троллейбус каттамы гана жүрүүдө.


    Читать похожее

    • 08.07.2024, 02:55:43
    • 20.06.2024, 23:30:03
    • 16.04.2024, 00:40:59
    • 24.03.2024, 23:15:42