Опубликовано
11.04.2024, 03:00Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүрүп, жол маал-маалы менен жабылат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, таш кулатуу иштери 15-апрелден 19-апрелге чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 118-чакырымында жүргүзүлөт.
Мындан улам трасса эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин жабылып турат.