akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    06.04.2021, 05:30

    Brent маркасындагы мунайдын бир баррелге болгон баасы март айынын аягында 62 долларды түздү. Ошол эле учурда WTI маркасындагы мунайдын баасы дээрлик 6% төмөндөп, 57.6 долларга чейин түштү. Муну менен катар, ОПЕК+ өлкөлөрүнүн мунайды казуунун көлөмүн жогорулатуу планы оптимисттик маанайда болууда, деп билдирди Forbes.

    [news 33796]

    Соодалашуу учурунда континент аралык биржада Brent маркасындагы бир баррелге болгон мунайдын баасы март айынын аягында 62 доллардан төмөндөдү.

    Өз кезегинде WTI маркасындагы мунайдын наркы 6% төмөндөп, бир баррелге болгон баасы 57.6 долларды түздү.

    Эксперттердин айтымында, баанын төмөндөшү мунай казуунун көлөмүн жогорулатуу чечими кабыл алынган соң жана СOVID-19 менен дуйнө жүзүндө ооругандардын саны кайрадан жогорулап жаткандыгы менен байланыштуу.