Опубликовано
03.11.2023, 11:25Жыл сайын БУУнун системасы Кыргызстанга 100 млн доллар өнүктүрүү гранттарын бөлөт. Бул тууралуу “Жакырчылык жана теңсиздик” улуттук өнүктүрүү форумунда Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылдын ноябрь айына карата 64 млн долларлык долбоорлор ишке ашырылган.
Анын 26 млн доллары социалдык тармакка, 10 млн доллары экономикага, 19 млн доллары экология жана климатка, 9 млн доллары мамлекеттик башкарууга жана мыйзам үстөмдүгүнө багытталган”, - деди Акылбек Жапаров жана БУУга ыраазычылык билдирди.