akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    22.07.2024, 10:10

    Кыргызстанда “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруунун алкагында тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдорду куруу, тирөөчтүн чуңкурларын казуу, тирөөчтөрдү арматуралоо, бетондоо иштери 100%га аткарылды жана 1243 тирөөч орнотулду. Бул тууралуу "Улуттук электр станциялары" ишканасы билдирди.

    Учурда зымдарды тартуу боюнча иштер жүрүп жатат жана 427 чакырым (94%) зымдар тартылды. Жалпысынан Кыргызстан боюнча 456 чакырым электр берүү чубалгысы тартылат.

    Белгилеп кетсек, “CASA-1000” долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын - Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталган жана эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.