akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    27.05.2024, 03:46

    Бир катар саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын чындоого каражат бөлүндү. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

    Атап айтканда, республикалык бюджеттен кошумча каражаттар берилет. Каражат төмөнкү медициналык жайларга тапшырылат:

    • Талас медициналык колледжинин жылуулук системасын оңдоого 5 млн сом;
    • Бишкек шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына лифттерди, медициналык жабдууларды сатып алууга жана соматикалык имарат курууга 70 млн сом;
    • Улуттук хирургиялык борборуна медициналык жабдууларды сатып алуу жана операциялык жана реанимация бөлүмүн капиталдык оңдоого – 33 млн сом.


    Читать похожее

    • 23.08.2024, 01:17:59
    • 19.08.2024, 05:50:04
    • 12.08.2024, 03:30:43
    • 29.07.2024, 00:40:39