akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    29.07.2024, 06:40

    Кыргызстанда лицензиясы жок жеке клиникалардын баары жабылат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйынында билдирди.

    Анын айтымында, 2022-жылы республика боюнча лицензиясы жок иштеген 2800 клиника аныкталган.

    “Бирок мораторийге байланыштуу Башкы прокуратура ишти токтоткон. Биздин айрым кызматкерлер прокуратурага чакырылып, кылмыш иштери козголду. Бирок азыр президент менен премьер-министрден уруксат алып, лицензиясы жок бул клиникаларды жабабыз”, - деди ал.

    Бейшеналиев белгилегендей, дал ушундай клиникаларда ар кандай инфекциялар, вирустар ж.б. жугууда. Эң чоң көйгөй бизнеске айланган стоматологиялык, косметологиялык жана гинекологиялык клиникалар.


    Читать похожее

    • 29.07.2024, 00:40:39
    • 24.07.2024, 05:30:28
    • 26.06.2024, 21:30:26
    • 25.06.2024, 02:52:58