akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: ТИМ КР

    Опубликовано

    24.08.2020, 06:05

    23-августта «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын «Новосибирск–Ош» багыты боюнча чартердик каттамы менен 152 кыргыз жараны учуп келди, арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

    [news 27042]

    Маалыматка ылайык, бул каттам менен кыргызстандыктар Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Түштүк-Сахалин, Владивосток, Хабаровск, Петропавловск-Камчатск, Якутск ошондой эле Сибир Федералдык округунун башка шаарларынан келишкен.

    Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.