akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    07.09.2020, 05:30

    Чартердик каттамдардын билеттери шылуундар тарабынан сатылып жатат деген маалымат Кыргызстандын Россиядагы элчилиги тарабынан такталып, жыйынтыгында аталган мыйзам бузуу боюнча 20 факты аныкталган. Келтирилген зыяндын көлөмү 5.7 миң долларды түзгөн. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктүн сайтында маалымдалат.

    [news 27736]

    Пандемия маалында мекенине кайтууну каалаган кыргызстандыктар акысыз чартердик каттам үчүн акча алган шылуундардын курмандыктары болуп калышкан. Бул боюнча бардык фактылар Москва шаарынын аймактык полиция бөлүмүнө катталды.

    Жыйынтыгында үч кылмыш иши козголуп, күнөөлүүлөр Россия Федерациясынын мыйзамына ылайык жоопко тартылышат. Андан сырткары 6 факты боюнча кылмыш ишин козгоо иштери жүрүүдө.

    Кошумчалай кетсек, катталган фактынын ичинен 2 доочу өз арыздарын, материалдык чыгымдар ордуна келтирилгенден кийин кайра артка кайтарып алышкан.


    Читать похожее