Опубликовано
07.12.2023, 10:30Чүйдүн Москва районундагы Крупская айылында аз камсыздалгандар үчүн социалдык шаарча курулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Курулуш коомдук кайрымдуулук фонд тарабынан ишке ашырылды. Анын алкагында жалпысынан 28 үй-бүлөгө турак жайдын ачкычы тапшырылды.
Жакын арада бул жерге тигүү цехи жана ФАП салынат.