akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    05.07.2024, 04:12

    Сокулук районунда мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн кайра иштетүү боюнча завод курулат. Анда 250 жаңы жумуш оруну түзүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

    Белгиленгендей, Чүй облусунун Сокулук районундагы жалпы аянты 1,5 га жер “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “башка багыттагы жерлер” категориясына которулду. Аталган жерге мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн кайра иштетүү боюнча завод салынат.

    Ошондой эле, Кара-Балта шаарында “Полиэстр жана лайкр кездемесин өндүрүү боюнча заводду куруу” инвестициялык долбоорун ишке ашыруу чечими кабыл алынды.
    Кошумчалай кетсек, буга чейин Министрлер кабинети менен “Зилан Эверсун Текстиль” ЖЧК ортосунда макулдашууга кол коюлган.


    Читать похожее

    • 23.08.2024, 05:22:47
    • 21.08.2024, 05:40:55
    • 20.08.2024, 22:46:10
    • 16.08.2024, 03:25:37