akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    21.08.2024, 04:46

    Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, “Бай Дыйкан” ЖЧКсы жана Кытай China National Electric Engineering Co. LTD (CNEEC) компаниясы ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.

    Ведомстводон билдиришкендей, документ Кыргызстанда карбамид жана комплекстүү жер семирткичтерди өндүрүүчү заводду куруу боюнча долбоорду биргелешип ишке ашырууну көздөйт.

    "Жаңы заводдун ишке кириши өлкө ичинде карбамид жана комплекстүү жер семирткичтердин өндүрүшүн олуттуу деңгээлде көбөйтүүгө шарт түзөт. Бул импортко болгон көз карандылыкты азайтып, ата мекендик аграрийлерди сапаттуу продукция менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга өбөлгө түзөт", - деп айтылат маалыматта.


    Читать похожее

    • 21.08.2024, 21:50:11
    • 20.08.2024, 22:46:10
    • 20.08.2024, 03:20:02
    • 19.08.2024, 23:35:09