Опубликовано
22.08.2024, 03:50Кыргызстанда 760 миллион сомдон ашык суммада 8 долбоорго каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Буга чейин жүндү кайра иштетүү, сүт багыты, канаттуулар чарбасы, илимий-агартуу долбоорлору, балык чарба, мал чарба, айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча 19 долбоор 1 млрд сомдон ашык суммада каржылоо алган.
"Калган 69 долбоор боюнча каржылоо маселелери, жер маселелери жана уруксат берүүчү документтерди тариздөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.