akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    20.08.2024, 05:35

    Жыл башынан бери республика боюнча 430 миңге жакын мал идентификациядан өтүп, Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасына каттоого алынды.

    Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына караганда, анын ичинен 400 миңден ашыгы ири мүйүздүү мал, 5 миңи чочко жана 11 миңдейи жылкы.

    Ошондой эле топтук идентификациялык номер ыйгаруу менен жаныбарларды идентификациялоо боюнча 55 үй канаттуулар чарбасы жана 145 үй канаттуулар фермасы, 1 миң 442 аары багуучу чарбада 99,7 миң бал челек, 423 чарбада 1 миң 754 көлмө идентификациядан өткөрүлүп, маалыматтык тутумга киргизилди.


    Читать похожее

    • 21.08.2024, 21:50:11
    • 20.08.2024, 22:46:10
    • 20.08.2024, 03:20:02
    • 19.08.2024, 23:35:09