Опубликовано
03.07.2020, 10:15Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова коронавирус менен күрөшүү үчүн эл аралык донорлордон алынып жаткан жардамдар тууралуу айтып берди.
[news 25716]
Анын айтымында, саламаттык сактоо тармагына 4 эл аралык донордон каражаттар алынууда.
- Дүйнөлүк банктын ERIK долбоору боюнча – 9 млн доллар. Тендерлер өткөрүлүп-өткөрүлүүдө, жеке коргонуучу каражаттар, жабдыктар алынууда. Ошондой эле тез жардам унаалары алынат.
- Дүйнөлүк банктан – 12 млн доллар. Ратификация процедурасынан өткөн.
- Азия өнүктүрүү банкынан – 20 млн доллар. Өткөн аптада Жогорку Кеңеште ратификациядан өткөн.
- Ислам өнүктүрүү банкынан – 15 млн доллар. Июнь айынын аягында макулдашууга кол коюлган, 25-июнда Жогорку Кеңеште ратификациядан өткөрүлгөн.