Опубликовано
28.04.2020, 03:20Кыргызстандын аймагында коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен күрөшүү боюнча иш-чараларын каржылоо үчүн жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу жардам көрсөтүү түрүндө түшкөн акча каражаттары жана аларды бөлүштүрүүгө тийиштүү өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет.
[news 23602]
2020-жылдын 27-апрелине карата Саламаттык сактоо министирлигинин эсебине 134 млн 144 миң 130 сом түшкөн. Анын ичинен 38 млн 559 миң 300 сом медициналык кызматкерлерге кошумча төлөм үчүн багытталган.
2020-жылдын 27-апрелине карата Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министирлигинин эсебине 16 млн 359 миң 993 сом түшкөн, анын ичинен 13 млн 379 миң 996 сом жумшалган.
Эсептердин абалы жана келип түшкөн финансы каражаттарын жумшоо тууралуу кеңири маалыматтар менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот.