akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    08.08.2024, 03:36

    Жалал-Абад облусу боюнча 2024-жылдын 7 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 24,0 млн сом суммасында 34 долбоор бекитилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

    Белгиленгендей, Тогуз-Торо району - 0,9 млн сом, Сузак району - 3,9 млн сом, Аксы району - 3,8 млн сом, Токтогул району - 0,9 млн сом, Ала-Бука району - 4,2 млн сом, Ноокен району - 4,0 млн сом, Базар-Коргон району - 2,5 млн сом, Жалал-Абад шаары - 1,6 млн сом, Майлуу-Суу шаары - 2,2 млн сом жумшалган.

    Анын ичинен, 8 мектепке – 4,8 млн сом; 1 саламаттыкты сактоо мекемелерине – 0,4 15 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине – 12,3 млн сом; 3 спорттук курулуштар – 2,1 млн сом; 5 маданий маанидеги объектилерге – 3,2 млн сом; 2 бала бакчаларга – 1,2 млн сом сарпталган.


    Читать похожее