Опубликовано
20.08.2020, 11:40Дүйнөдөгү эң бай ишкер, Амазон онлайн дүкөнүнүн жетекчиси Жефф Безостун байлыгы 200 млрд долларга жакындады. Америкалык Forbes порталынын тарыхында бул 40 жылдан берки алгачкы чоң көрсөткүчтөгү киреше болуп эсептелинет.
[news 27078]
Безостун кирешеси Амазондун акциясынын баасынын жогорулашы менен шарттуу болгон. Компаниянын акциясы ушул шейшемби күнкү соодалашууда эң жакшы ийгиликтерди көрсөткөн.
18-августта акция 3 миң 179.49 доллар менен башталып, бүтөөрдө баа 3 миң 295 - 3 миң 295 долларга чейин жогорулаган. Өсүү 3.63% түзгөн.