Опубликовано
25.02.2021, 05:45Евразия экономикалык бирликтин ичиндеги экспорттук жана импорттук төлөмдөрдө улуттук валютанын үлүшү дээрлик 70% түзүүдө. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын докладында айтылат.
[news 32745]
Белгиленгендей, акыркы жети жыл ичинде улуттук валютадагы төлөмдөрдүн үлүшү 11% жогорулаган. Эгерде 2013-жылы 63% түзсө, азыркы учурда бул көрсөткүч 74% жеткен.
«ЕАЭБ ичиндеги соодада улуттук валютага өтүүнүн башкы себеби, ички экономикалык абалдан гана эмес, санкциялардын шартында тышкы тобокелдиктердин өсүп жаткандыгы менен байланыштуу», — деп белгилешти банктын аналитиктери.
[news 22142]
Алардын айтымында, улуттук валютанын үлушүнүн кеңейиши биримдиктин ичиндеги соода-экономикалык байланышка жараша, сооданын түзүмү жана анын диверсификациясынын деңгээлне жараша болот.